Бүгүн, 10-июнда, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чаралары өтүүдө.
Улуттук илимдер академиясынын Айтматов атындагы Тил жана адабият институту “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде жазуучуну эскерип, анын чыгармаларынан атайын даярдалган үзүндүлөр көркөм окулду. Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, изилдөөчүлөр, окурмандар катышты.
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында оорудан кийин дүйнө салган. ЮНЕСКО Айтматовду чыгармалары көп басылган классиктердин бири деп тааныган.
Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, көптөгөн өлкөлөрдө бир нече ирет чоң нуска менен чыгып келет.