Жаңылыктар
Чек ара маселесин дипломатиялык жол менен чечүү
Кыргызстан жаңылыктары
Чек ара маселесин дипломатиялык жол менен чечүү

Парламентте отуруп, чек арага байланыштуу чагымчыл билдирүү таратуунун кажети жок. Мындай пикирин талдоочулар депутат Султанбай Айжигитовдун парламентте анклавдардан аскердик оор техникаларды алып салуу боюнча пикиринен кийин билдирип чыгышты. Эксперттердин пикиринде мындай маселеде чагымчыл чакырык эмес, элчилик менен чечүү талап кылынат. Ошол эле учурда айрым серепчилер Айжигитов бул маселени губернатор кезинде чечпегенден кийин азыр чек ара маселесин көтөрбөй эле койсо болмок деген ойлорун билдиришти.