Жаңылыктар
"Ала-Тоо" аквапаркындагы окуя: 6 мугалим жана завуч иштен алынды
Кыргызстан жаңылыктары
"Ала-Тоо" аквапаркындагы окуя: 6 мугалим жана завуч иштен алынды

Билим берүү башкармалыгы «Ала-Тоо» аквапаркындагы окуя боюнчакомиссия түзүп, анын курамына башкармалыктын, райондук билим берүү борборунун,акимчиликтин, Бишкек шаарынын профсоюз комитетинин кызматкерлери жана Бишкекшаардык кеңешинин депутаты кирди.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгында аталган иш-чарага тартылган 6 башталгычкласстын мугалими жана завуч Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексининнормаларына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошондой эле, комиссия тарабынан  балдардын, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча талаптарды сактабагандыгыжана көзөмөлдөбөгөндүгү жана функционалдык милдеттерин аткарбагандыгы үчүн мектеп директоруна карата тартиптик жаза чараларын көрүүнү, анын ичиндеээлеген кызматтык ордунан бошотуу сунушталды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан тергөөиштери уланууда.

Иштин жүрүшүндө комиссия класс жетекчилер тарабынан башталгыч мектептин13-классынын балдары үчүн эс алуу күнү уюштурулгандыгын жана мугалимдердин бириаквапаркка жамааттык баруу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзгөнүн аныктады. Бирокбул тууралуу мектеп администрациясына жана балдар менен иштөө инспекциясынабилдирилген эмес. Ошол себептүү иш-чарада балдар иштери боюнча инспекторлор,укук коргоо кызматкерлери тарабынан окуучуларды транспорттук коштоо боюнчаинспекторлор болгон жок. Ошондой эле билим берүүнүн онлайн формасына өтүү,ата-энелерге жана окуучуларга коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүбоюнча буйрук берилген эмес.

Бардыгы болуп аквапаркка 232 башталгыч класстын окуучулары, 9 класс жетекчи, 9 ата-энелер коомчулугунун өкүлдөрү барышкан.