Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, дин таануу боюнча билим берүү тармагында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн токтом кылынат. 2022-2023-окуу жылынан баштап менчигинин түрүнө жана формасына карабастан жалпы билим берүү уюмдарынын 9-класстарынын окуучулары үчүн “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети базистик окуу планына киргизилсин.
9-класстар үчүн мурда иштелип чыккан “Диндердин өнүгүү тарыхы” окуу-методикалык комплексин толуктап иштеп чыксын, экспертиза жүргүзсүн жана басып чыгарсын. 7-8-класстар үчүн “Диндердин өнүгүү тарыхы” окуу-методикалык комплексин иштеп чыксын, апробация жана экспертиза жүргүзсүн, басып чыгарсын.
Эмгек рыногунда талап кылынган, кошумча чектеш квалификациялары бар “Дин таануу” адистиги боюнча билим берүүчү тиешелүү окуу жайларында бюджеттик орундарды карасын.
Билим берүү жана илим министрлигине “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин этап-этабы менен киргизүү үчүн зарыл болгон каражаттарды жыл сайын бөлүп турсун.