Нур-Султан шаарында "Борбор Азия – Кытай" форматындагы тышкы иштер министрлеринин 3чү жыйынынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Тышкы иштер министри Рашид Мередов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Тараптар регионалдык кызматташтыкты чыңдоодо "Борбор Азия - Кытай" диалогунун маанилүү ролун белгилешти. Алар соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук жана логистикалык, энергетика тармактарындагы кыргыз-түркмөн кызматташтыгы, анын ичинде энергетикалык камсыздоо боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөөгө арналган алдыдагы кыргыз-түркмөн иш-чараларын жогорку деңгээлде уюштурууга жана өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Министрлер Кыргызстандын Президентинин Түркмөнстанга расмий сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.