Жаңылыктар
Камбар-Ата-1 ГЭСи: электр энергия экспорттолсо, бюджетке жылына 234 млн доллар түшөт
Кыргызстан жаңылыктары
Камбар-Ата-1 ГЭСи: электр энергия экспорттолсо, бюджетке жылына 234 млн доллар түшөт

Камбар-Ата-1 ГЭСинде өндүрүлгөн электр энергиясы экспорттолсо бюджетке жылына 234 млн доллар түшөт, - деди Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата 1 ГЭСнин курулушунун башталышына старт берип жатып. 

Жапаровдун айтымында, гидро электр станциясында жай мезгилинде иштелип чыккан энергияны CASA-1000 долбоору аркылуу алыскы өлкөлөргө экспорттого шарт түзүлөт. Анда жылына 5 жарым млрд кВт/сааттан ашуун электр энергияны өндүрүү күтүлүүдө.