Россияда иштеген мекендештер кирешесинин 30 пайызын ал жактагы банктарда сакташат.
Мындан улам, аталган өлкөдө мамлекеттик банктардын филиалдарын ачуу көздөлүүдө. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров "Миграция жана өнүктүрүү: перспективалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" форумунда билдирди.