Талас районунун Покровка айылында УКМКнын жаңы административдик имараты ачылды.
Иш-чара Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин, облустук башкармалыктын өздүк курамынын жана жетекчилигинин, атайын кызматтын ардагерлеринин, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын Манас райондук бөлүмүнүн имараты Атайын кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында курулуп, пайдаланууга берилди.
Имарат кызматкерлерге керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган жана иштөө шарттары талапка жооп берет.