Жаңылыктар
“Ала-Тоо” аквапаркындагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду
Кыргызстан жаңылыктары
“Ала-Тоо” аквапаркындагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду

 “Ала-Тоо” аквапаркындагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду.

Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматынан агенттикке билдиришкендей, 2022-жылдын 6-июнунда болжол менен саат 11:00дө "102" кызматына "Ала-Тоо" аквапаркындагы бассейнге бала сууга чөгүп кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине тергөө-ыкчам тобу барып, №95 мектептин башталгыч класстарынын окуучулары ата-энелери менен чогуу бассейнге барышып, эс алуу учурунда 3-класстын окуучусу сууга чөгүп кеткендигин аныкташканю

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 127-чи (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) жана 297-беренелеринин (Керектөөчүлөр үчүн коркунуч жаратуу) негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-экспертиза дайындалды.

Учурда иликтөө иштери уланууда.