Жаңылыктар
Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын мөөнөтү июлда аяктайт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын мөөнөтү июлда аяктайт

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын 1,5 миллион дозасынын мөөнөтү июлда аяктайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурийла Шериева парламенттин тармактык комитетинде билдирди. 

Анын айтымында, өлкөдө жалпы 2 миллион 503 миң 376 доза вакцина бар. Комитетте вакцина үчүн Азия өнүктүрүү банкы менен келишимдин долбоору каралууда. 

Ага ылайык, банктан 25 миллион доллар, жарымы насыя, калганы грант түрүндө алынат. Бул каражатка 1 миллион 700 миң доза вакцина сатып алуу пландалганын министрдин орун басары маалымдады.