Кыргызстанда заманбап жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтүүчү клиника ачылат.
Экономика жана коммерция министрлиги менен Россиянын "Медси" компаниялар тобунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Жеке клиниканын өкүлдөрү Бишкек шаарында жыйын өткөрүп, Кыргызстандын аймагында өз ооруканасынын бөлүмүн ачууга кызыкдар экенин билдирди.
Клиниканын алдыңкы кесипкөй дарыгерлери Бишкек шаарындагы төрт жогорку окуу жайдын базасында республиканын жашоочуларын бекер текшерүүдөн өткөрүп, консультацияларды беришти. Кыргызстандык кесиптештерине бейтаптарды дарылоо боюнча өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Адистердин белгилөөсүндө "Медси" медициналык жардам көрсөтүүдө сапат жана коопсуздук жагынан Россиядагы саламаттык сактоо тармагындагы жеке клиникалардын ичинен лидер болуп саналат.
Алар онкологиялык оорулардын алдын алуу, кан басымы, жүрөк-кан тамыр, нерв оорулары боюнча жарандардын саламаттыгына кам көрүп келет. Өзгөчө аялдар, балдар арасында кеңири тараган илдеттер боюнча дасыккан дарыгерлер иш алып барат.
Орусиянын аймагында жалпы 114 клиника калкты тейлесе, анда 13 миңге жакын дарыгер эмгектенет. Клиниканын былтыркы кирешеси 30 млрд рублды түзгөн.