6-июндан тарта Кыргызстан менен Россиянын ортосунда темир жол каттамы жанданып, поезддер жүрө баштады.
"Кыргыз темир жолу" компаниясы билдиргендей, Бишкектен Казань шаарына поезд кетет. №305 Бишкек — Шу — Казань багытындагы поезд Бишкектен дүйшөмбү күндөрү чыгып, Казанга бейшемби күнү жетет. Казань — Шу — Бишкек багытындагы поезд Казандан бейшемби күнү чыгат, Бишкекке жекшембиде келет. Жолдун жалпы узундугу 3 миң 286 чакырым.
Бир тарапты көздөй жолдо жүрүүнүн жалпы убактысы 64 саат 40 мүнөттү түзөт. 8-июнда Бишкек — Самара каттамы жанданат. Самара — Бишкек багытындагы поезд Самарадан ишемби жана дүйшөмбү күндөрү чыгып, Бишкекке дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү келет. Жолдун жалпы узундугу 2 миң 685 чакырымды түзөт. Бир тарапты көздөй жолдо жүрүүнүн жалпы убактысы 56 саат 30 мүнөт.
Ал эми Бишкек — Новосибирск каттамы 9-июндан тарта жанданат. Жолдун жалпы узундугу 2 миң 340 чакырымды түзөт. Бир тарапты көздөй жолдо жүрүүнүн убактысы 52 саат 43 мүнөт.