Ички иштер министри Улан Ниязбеков республиканын аймагында коомдук тартипти сактоо жана жалпы орто билим берүү мекемелеринде окуу жылын аяктоо иш-чаралары учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо чаралары туурасында онлайн кеңешме өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө министр Ниязбеков ички иштер органдарынын негизги милдеттери – эл арасындагы туруктуулукту камсыздап, жарандардын тынч жашоосуна шарт түзүп берүү экенин баса белгиледи.
Министр ар бир жетекчи, өз регионунун аймагында укуктук жоопкерчиликти, жолдо жүрүүнүн айдоочулук жана коомдук жайларда маданиятты жогорулатууга, баарына бирдей болгон мыйзамдардын талаптарын сактоого, улуттук баалуулуктарды сыйлоого карата түшүндүрүү иштерин алып барууну уюштурсун деген талап койду.
9-июнь күнү жалпы билим берүү мекемелеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чаралары болуп өтөт.
Бул багытта, республика боюнча күч-каражаттардын эсеби чыгарылып, комплекстүү иш-мерчем бекитилип, ар бир мектепте ички иштер органдарынын кызматкерлери жаш балдардын жана жалпы жарандардын коопсуздугун, аны менен бирге жол кыймылынын эрежелерин сактоону камсыз кылат.