Жаңылыктар
"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркы убактылуу жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркы убактылуу жабылат

"Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркы 6-июндан тартып убактылуу жабылып жатканын президенттин Иш башкармалыгы билдирди. 

Мекеменин маалыматына караганда, парктын ичиндеги автожол оңдолот. 

Жолду оңдоп-түзөө иштери 10-июнда аяктайт деп пландалууда.

 “Ала-Арча” паркы Чүйдүн Аламүдүн районунда жайгашкан, жалпы аянты 2280 гектар жерди түзөт. 

Ал жер жайы-кышы адамдар келип эс алуучу ири жайлардын бири.