Билим берүү жана илим министрлиги “Алтын тамга” сынагынын жыйынтыгына нааразы болгондордон арыз кабыл алуу жүрүп жатканын билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, ким канча балл алганы боюнча кол санак жүрүп жатат, анын жыйынтыгы компьютердин санагы менен салыштырылат. Апелляциянын жыйынтыгы бардык арыздар каралып чыккандан кийин жарыяланат.
Министрлик кайрадан тест тапшыруу боло турганы жөнүндө маалымат чындыкка дал келбесин кошумчалады.
Мекеме билдиргендей, быйылкы тестирлөөнүн жыйынтыгында өзгөчө үлгүдөгү аттестат алуу укугун 80 бүтүрүүчү тастыктай алды.
Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынан өтпөй калган айрым окуучулардын ата-энелери сынакка нааразы болуп жатышканы 3-июнда белгилүү болгон.
31-майда Бишкекте жана облустук билим берүү борборлорунда мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы өткөрүлгөн.
Министрлик быйыл өзгөчө үлгүдөгү сертификат алуу үчүн 2232 бүтүрүүчү ат салышып жатканын маалымдаган. Алардын 1388и окутуу кыргыз тилинде, 803ү орус тилинде жана 38и өзбек тилинде өтүүчү мектептердин окуучулары.
"Алтын тамга" тести 11-классты жалаң 5 деген баа менен аяктап, мыкты жыйынтык көрсөтүп келген окуучулардын билим деңгээлин баалоо үчүн уюштурулат.
Жеңүүчүлөргө сыйлык жана артыкчылык күбөлүгү тапшырылат.