6-июндан 14-июнга чейин Боом капчыгайында кооптуу таштар кулатылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы кабарлады.
Анда айтылгандай, күн сайын саат 9дан 15:00гө чейин жолду жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери маал-маалы менен жаап турат.
Жолду тазалоо учурунда транспорт каражаттары бир тилке боюнча өткөрүлөт. 30-40тан ашык унаа чогулуп калганда, таш кулатуу токтотулуп, автомашиналар өткөрүлөт.