COVID-19га каршы вакцина сатып алуудагы жемкорлукка шектүү катары кармалган жетекчилердин бөгөт чарасы 4-июнда аныкталды. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Улук-Бек Бектурганов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына 2-августка чейин, Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова ошол эле абакка 2-июлга чейин камалды. Ал эми министрликтин дары-дармек жана медициналык буюмдар бөлүмүнүн башчысы Султан Сатарбеков үй камагына алынды. Алар үчөө тең 2-июнда кармалышкан.