Жаңылыктар
Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги атышууда жаракат алган чек арачылардан кабар алды
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги атышууда жаракат алган чек арачылардан кабар алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-июнда, жакында Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде курал колдонуу менен катталган окуянын жүрүшүндө жаракат алган алган чек ара кызматкерлеринен кабар алды.

Мамлекет башчысы жоокерлер менен баарлашып, алардын акыбалын сурап, тез арада сакайышын каалады.

Учурда бейтаптар адистердин көзөмөлүндө жана Улуттук госпиталда тийиштүү медициналык жардам алып, бардык зарыл диагностикалык изилдөөлөр жасалды.