Жаңылыктар
Бишкек - Белогорка - Суусамыр жолунун курулушу
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек - Белогорка - Суусамыр жолунун курулушу

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев болжол менен 6 чакырым узундуктагы туннелди орнотуу менен Бишкек – Белогорка – Суусамыр автожолунун курулушун пландаган долбоор менен жеринде таанышты. 

Долбоор ишке ашса, чукул бурулуштуу жолдордун тармакталышын жана калктуу конуштарды айланып өтүүчү жолдорду эске алуу менен жолдун узундугу 120 чакырымды түзөт. Бул жол Бишкек - Жалал-Абад жолунун узундугун 150 чакырымга кыскартууга мүмкүндүк берет. 

Белгилей кетсек, заманбап транспорттук инфраструктура ишкердикти жана жаңы туристтик маршруттарды өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзөт. Долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында потенциалдуу инвесторлор арасында тиешелүү сынак өткөрүү менен ишке ашыруу пландаштырылууда. 

Бакыт Төрөбаев бул автожолдун транспорт тармагы үчүн маанисин белгилеп, курулуштагы заманбап ыкмаларды, жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун жана жол жээгиндеги тийиштүү инфраструктураны эске алуу менен долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин өз убагында жана сапаттуу иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. 

Белгилей кетсек, транспорт тармагын өнүктүрүү боюнча милдеттер президент тарабынан бекитилген 2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук программасында белгиленген.