Мындан ары жарандар паспорт алууда ага болгон төлөмдү мобилдик тиркеме аркылуу кюар код менен онлайн төлөсө болот.
Смартфонго тиркемени жүктөп алып, кюар код менен үйдөн чыкпастан туруп паспорт үчүн акыны оңой эле ишке ашырууга мүмкүн. Төлөм жүргүзүлгөнү боюнча маалымат дароо Калкты тейлөө борборунун операторунун системасында көрүнөт. Мындай кызмат Элкарт төлөм карталарынын ээлери үчүн абдан ыңгайлуу.
Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн жасалып жаткан бул иштер менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев таанышып, жеринде өзү тиркеменин жардамы менен телефон аркылуу төгүм жүргүзүп көрдү. Каржылык кызматтарды санариптештирүүнүн алкагында ишке ашырылып жаткан кызматтар Калкты тейлөө борборлорундагы кассада кезек күтүүнү жоёт.