Жаңылыктар
Коомдук транспорттордо накталай төлөм кабыл алынбайт
Кыргызстан жаңылыктары
Коомдук транспорттордо накталай төлөм кабыл алынбайт

1-июлдан баштап борбор калаада автобус жана троллейбустарда жүргүнчүлөрдөн накталай төлөмдөрдү кабыл алуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек троллейбус башкармалыгынын жетекчиси Талантбек Капаров билдирди. 

Азыркы тапта бардык коомдук транспорттордогу валидаторлор текшерилип, даярдык иштери жүрүүдө. Ошондой эле айдоочуларга накталай эмес төлөмдөрдү ишке ашыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алардын сунуштары жана кеңештери кабыл алынды. 

Буга чейин 2020-жылы коомдук транспорттордо “Тулпар” карталары аркылуу төлөм жүргүзүү ишке киргизилген. Бирок жапырт колдонуу ишке ашпай келген болчу.