Кыргызстан менен Араб мамлекеттери кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу ниетинде. Өзгөчө билим берүү, маданият тармагына инвестиция тартып, эки элдин окшош көчмөн маданиятын даңазалоо боюнча сунуштар демилгеленип жатат. Мындай пикирлер эл аралык Кувейт университетинде «Кыргызстандын Араб өлкөлөрү менен кызматташуусу жана анын келечеги» деп аталган илимий-практикалык конференцияда айтылды.