2022-жылдын январь жана апрель айларында наркы 40 млн сомго бааланган 131 факты аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн өткөн парламенттин жыйынында Министрлер Кабинетинин жетекчисинин орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Ал азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн айрым азыктардын сыртка чыгуусуна чектөө киргизилип, аткезчиликке каршы аракет күчөтүлгөнүн айтты.