Кыргызстан профсоюздар федерациясынын мурдагы жетекчилери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу, республиканын кесиптик бирликтер системасындагы мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз иш-аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кыргызстан профсоюздар федерациясынын ишмердигинде коррупциялык көрүнүштөр боюнча маалыматтар түшкөн. Көптөгөн мыйзам бузуу фактылары боюнча, чогултулган материалдардын жана Эсептөө палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин Коррупция беренеси менен кылмыш иши козголду.
Белгиленген фактылардын бири катары профсоюздар федерациясынын мурдагы төрагасы кызмат адамдары, жеке адамдар жана башка белгисиз адамдар менен коррупциялык байланышка барып 5 миллион 756 миң 700 сомдук ишенип берилген мүлктү ыйгарып алганы такталган, ошондой эле баюу максатында кыймылсыз мүлк жана финансылык каражаттарга карата мыйзамсыз иш аракеттеринин башка фактылары аныкталган.
Мындан тышкары, тергөөнүн жүрүшүндө шектүү төрагалыкка шайлануу максатында бул кызматка шайлоодо коюлган талаптарга жооп берүү үчүн эмгек китепчесине керектүү жазууларды жасалмалаганы аныкталды.
Анын үйүнүн жертөлөсүн тинтүү учурунда электрондук аппараттар-майнинг фермалар табылган, анын мыйзамдуулугу да тергөөнүн алкагында текшерилет.
Иш боюнча чогултулган төгүндөлгүс далилдердин негизинде федерациянын мурдагы төрагасы жана анын орун басары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул кылмыш ишинин алкагында аныкталган кылмыштарды жасоого тиешеси бар бардык адамдардын бетин ачууга жана жоопкерчиликке тартууга багытталган комплекстүү чаралар көрүлөт.