Президенти Садыр Жапаров "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында аттестация өткөрүү жана сыноо мөөнөтүн өтүү маселелери жөнүндө" Жарлыкка кол койду.
Жарлыктын максаты мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкердин кесиптик билимдеринин жана иш көндүмдөрүнүн ээлеген кызматына ылайыктуулугун аныктоо.
Өлкөнүн жаңы мамлекеттик кадр саясатынын негизги милдети мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын зарыл квалификацияга ээ болгон кызматкерлерден турган жогорку кесипкөй аппаратын түзүүнү камсыз кылуу болуп саналат.
Бул саясатты ишке ашыруунун алкагында Жарлык менен мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлерди аттестациялоону жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында сыноо мөөнөтүн өтөөнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилет.