Балдар - ар бир улуттун, ар бир мамлекеттин келечеги, ой-кыялы, үмүт-тилеги! Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров “НАРИСТЕ” эл аралык фольклордук фестивалынын ачылышында белгиледи.
Аталган фестиваль өлкөнүн бүт аймактарындагы балдар фольклордук топторунун жана Россия, Алтай, Тыва, Казакстан, Монголиядан келген коноктордун чыгармачылыкка, искусствого, музыкага болгон кызыгуусун бириктирди. Фестивалдын алкагында “Балалык ыргагында” иш-чарасы уюштурулуп, Президент келечек ээлери менен баарлашып, суроолоруна жооп берди.