Жаңылыктар
Ошто ӨКМ кызматкери пара берип жаткан жеринен кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто ӨКМ кызматкери пара берип жаткан жеринен кармалды

Ошто ӨКМ кызматкери пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, күн мурун УКМКнын ыкчам кызматкерине пара берип жаткан учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы кармалды.

Кармалган аткаминер акчаны бийликтен аша чабуу фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү материалдары боюнча оң чечим кабыл алууга көмөк көрсөтүү үчүн берген. 

Ага "Пара берүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Ош гарнизонунун гауптвахтасына киргизилди. Тергөө жүрүүдө.