Жаңылыктар
Өлкөдө джинсы кийим чыгара турган алгачкы өндүрүш ишке кирет
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө джинсы кийим чыгара турган алгачкы өндүрүш ишке кирет

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги «Текстиль Транс» компаниясына 8 миллион сомдун заманбап жабдыгын тапшырды.

Ишкана пахта жибин, кездеме, трикотаж жана байпактарды өндүрүү жана дүң сатуу боюнча адистешкен. 

Эми өлкөдөгү биринчи жинсы өндүрүшүн ишке киргизет.

Жакынкы арада өндүрүшүн кеңейтип, Казакстанга дагы “Кыргызстанда жасалган” бренди менен ишкана ачууну көздөшүүдө. 

Өз кезегинде мамлекет тарабынан Кыргыз-Орус өнүктүрүу фонду аркылуу каржылык колдоо көрсөтүлүп келет. 

Продукциянын 90 пайызы экспорттолот. Көбүнчө Россия жана Казакстанга.