Жаңылыктар
Бишкекте коррупцияга каршы ишкердик кеңештин жыйыны өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте коррупцияга каршы ишкердик кеңештин жыйыны өттү

Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин экинчи жыйыны өттү.Министрлер кабинетинин төрагасы өзүнүн сөзүндө жыйындын негизги темасы 2022-2024-жылдарга Кыргызстанда мамлекеттик коррупцияга каршы стратегияны кабыл алуу болуп саналарын белгиледи. 

“Стратегия мурда кабыл алынгандан айырмаланып турушу керек, анткени биз коюлган максаттарга карабастан, 30 жылдан бери коррупциялык тобокелдиктерге байланышкан маселелерден арыла албай келебиз. Биз өсүп келе жаткан муун коррупция деген сөздү унутушу үчүн колдон келгендин барын жасашыбыз керек”, - деди ал. 

Иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, аталган кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова, бизнес-ассоциациялар, жарандык сектор, илимий жана билим берүү мекемелери, андан тышкары, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана чакырылган коноктор катышты.