Жаңылыктар
Баңгизат сатууга аракет кылган Кыргызстандын жарандары кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Баңгизат сатууга аракет кылган Кыргызстандын жарандары кармалды

Баңгизат сатууга аракет кылган Кыргызстандын жарандары кармалды. УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, Кылмыш-жаза кодексинин Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо беренеси боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасына жакын Кара-Суу шаарынын аймагында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү учурунда Кыргызстандын жараны кармалды. 

Ал мурда соттолгон жана Өзбекстанда баңгизаттарын жүгүртүүгө катышкандыгы үчүн жазасын өтөп келген. Алынган баңгизатынын салмагы 1 кг 718 граммды түзүп, жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында кара куурай чайыры экени аныкталды. Мындан тышкары, ошол эле күнү 38 жаштагы топтун дагы бир мүчөсү кармалды. Анын үйүн тинтүү учурунда жалпы салмагы 75 граммды түзгөн сары-ак түстөгү зат табылган, экспертизадан героин экени такталды.

Жогоруда аталган жарандар УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.