Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларында жаштар үчүн “Туура кесип - келечек кепилдиги” форуму өтөт. Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты, Билим берүү жана илим министрликтери, Салымбеков университети жана Ulut_kyrgyzstan медиа тиркемеси тарабынан уюштурулууда.
Кыргызстанда жылына болжол менен 160 миңге жакын окуучу 9-11-классты аяктайт. Ар бир окуучунун туура кесипти тандоосу анын кийинки тагдырына чоң таасирин берет.
Мындан улам, “Туура кесип - келечек кепилдиги" – платформасынын максаты келечек жаштарын кесипке багыттоо үчүн республикалык жана аймактык жолугушууларды, тренингдерди уюштуруу негиздүү болуп саналат. Платформанын алкагында өз кесибинин мыкты адистери бүтүрүүчүлөр үчүн актуалдуу темалар боюнча маалымат бериши пландалууда.
Иш-чара 31-майда саат 10:00дө Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында, 1-июнда саат 15:00дө Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында, 2-июнда саат 13:00дө Жалал-Абад ресторанында өтөт.