Жаңылыктар
Кароосуз калган Баткен - Кара-Токой жолу
Кыргызстан жаңылыктары
Кароосуз калган Баткен - Кара-Токой жолу

Кезинде Баткен районун өлкөнүн башка аймактары жана Бишкек шаары менен байланыштырып турган Баткен - Кара-Токой жолу учурда кароосуз калып, элеттиктер жол азабын тартышууда. 

2019-жылга чейин жыл сайын жамала берип, бүтүн жери калбай, 3 жылдан бери такыр эле кароосуз калды дешет тургундар. Ал эле эмес эки четин сел алып, жол кооптуулугу да күч.