Жаңылыктар
Туристтик мезгилде коопсуздукту облустук милициянын миңден ашуун кызматкери камсыздайт
Кыргызстан жаңылыктары
Туристтик мезгилде коопсуздукту облустук милициянын миңден ашуун кызматкери камсыздайт

Ысык-Көлдө жайкы туристтик мезгилде коопсуздукту камсыз кылуу үчүн облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу штабы түзүлдү.

«Курорт-2022» комплекстүү иш-мерчеми иштелип чыгып, анда өткөн жылдардагы туристтик сезондо аткарылган иштерди талдап чыгуунун негизинде укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча биринчи кезектеги чаралар белгиленип, бир катар ыкчам жана алдын алуу иштери аныкталган.

Ысык-Көл облусунун аймагында 700гө жакын курорттор, эс алуу үйлөрү, туристтик лагерлер, балдардын эс алуу борборлору жана эс алуунун башка түрлөрү бар. Алардын басымдуу бөлүгү Ысык-Көл районунун аймагында жайгашкандыктан, Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн базасында, жайкы туристтик мезгилде коопсуздукту камсыз кылууга бекитилген күчтөрдү жана каражаттарды координациялоо жана бөлүштүрүү үчүн убактылуу штаб түзүлдү. 

Жайкы туристтик сезондо облустук милициянын миңден ашуун кызматкери эс алуучулардын жана чет элдик туристтердин коопсуздугун камсыздоо үчүн кызмат өтөшөт. Ошондой эле милициянын ишине жардам иретине ыктыярдуу элдик кошундардын мүчөлөрү да тартылмакчы.