Камбар-Ата-1 ГЭСи үч өлкөнүн катышуусунда курулат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Мамлекет башчысы ГЭСти Кыргызстан өзү курганга деле күчү жетээрин, бирок көп убакытты жана каражатты талап кыларын айтты.
"Ошондуктан быйыл платина курулчу жерге чейинки жолду өз күчүбүз менен куруу иштерин баштайбыз. Ал эми ГЭСти куруу иштерине коңшу Өзбекстан менен Казакстан кошуларын билдиришти. Азыр үч тараптын катышуусунда техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип жатат. Бир-эки жылдык убакытты талап кылат экен, бүтөрү менен баштайбыз. Эгер дагы башка инвесторлор Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга катышабыз десе, тараптар менен макулдашып, кошуп алууга даярбыз”, - деген Президент.
Мамлекет башчысы белгилегендей, ГЭС Кыргызстанга электр энергиясын колдонууга, суусу Өзбекстан менен Казакстанга керек.