Ош шаарында биринчи жолу футбол боюнча мэрдин кубогуна эл аралык футбол мелдеши болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, турнир 2-5-июнь күндөрү калаадагы Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо өтөт.
Мелдешке Кыргызстандын футболдук клубдары Оштун "Алай", Кочкор-Атанын "Нефтчи", Ташкенттин "Бунёдкор", Анжияндын "Андижан" клубдары катышат.