Жаңылыктар
Чакан жана орто бизнеске насыя. Каржы министрлиги 11 банкка 350 миллион сомдой каражат бөлүп берди
Кыргызстан жаңылыктары
Чакан жана орто бизнеске насыя. Каржы министрлиги 11 банкка 350 миллион сомдой каражат бөлүп берди

Бүгүнкү күндө жеке жана финансы секторун колдоо долбоорунун алкагында Каржы министрлиги 11 банкка 350 миллион сомдой каражат бөлүп берди. Бул туурасында министрдин орун басары Руслан Татиков билдирди. 

Анын айтуусунда, учурда анын 250 миллион сому ишкерлерге 1,5 жылга берилди. Финансы секторун колдоо долбооруна 72 миллион доллар бөлүнүп, министрлик аймактардагы ишкерлерге жолугуп маалымат менен камсыз кылууда. 

Долбоорду ишке ашыруу үчүн 72 миллион доллар бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнө каражат бөлүү максатында Финансы министрлиги 11 коммерциялык банкка 350 миллион сомдой каражат бөлүп берди. 

Учурда анын 250 миллион сому ишкерлерге 1,5 жылга пайызсыз насыя катары берилди. Бул Президент Садыр Жапаровдун антикризистик чараларды көрүү жөнүндө жарлыгынын алкагында ишке ашууда. 

Министрликтин алкагында атайын топ түзүлүп, аймактардагы бизнес-өкүлдөрүнө жолугуп, тушүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Ошондой эле адис чакан жана орто бизнести колдоо долбоору 2024-жылга чейин ишин жүргүзүп, ишкерлерге 6,8 миллиард сом насыя иретинде пайызсыз берилерин кошумчалады.