31-майда “Түндүк электр” ишканасы электр энергиясы үчүн карызын төлөбөгөн 7 миң абонентти аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу компаниядан билдирди.
Андыктан компания ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн абоненттерди электр энергияга болгон төлөмдү өз убагында жүргүзүүгө чакырат.
Эскерте кетсек, абоненттер почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн, төлөм терминалдарынан жана банктардын кассаларынан жүргүзсө болот.
"Акылдуу" эсептегичтерге кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн аралыктан өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Түндүк электрдин” маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр тутумуна кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө жабдыгына кошулууга билдирме жөнөтөт.