Кыргызстандын аймагында бир жумада 17 миң 264 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, акыркы жумада аныкталган бузуулардын ичинен эң көбү транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашкандыгы үчүн болгон.
Ошондой эле унааны тиешелүү документи жок башкаргандар, эксплуатациялоо эрежелерин бузгандар, кайгуул кызматкерлеринин унааны токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбагандар болгон.
Мындан тышкары, жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандар, жол белгилеринин талаптарын аткарбагандарга айып салынган. Эреже бузган миң машина унаа токтотуучу жайга киргизилген.
Жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузуулардын алдын алуу максатында республиканын аймагында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери рейддик иш-чараларды өткөрүп жатат.