Жаңылыктар
"Арашан" койлорунун эл аралык көргөзмөсү өттү
Кыргызстан жаңылыктары
"Арашан" койлорунун эл аралык көргөзмөсү өттү

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылында "Арашан" коюнун эл аралык көргөзмөсү өттү. 

Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, көргөзмөгө Казакстан, Өзбекстандын фермерлери, Арашан жана жеке фермерлеринин ассоциациясы жана тажрыйбалуу малчылар катышкан. 

Көргөзмөнүн максаты кой чарбасын жайылтуу, тажрыйба алмашуу, сандан сапатка өтүү. Көргөзмөнүн алкагында асыл тукум "Арашан" койлорунун салмагы боюнча сынак өткөрүлдү. 

Кыргыз өкмөтү асыл тукум чарбаларын көбөйтүүгө белсенүүдө. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө асыл тукум мал 5% дагы жетпейт. 

Кыргызстанда соңку кездери малдын санынан сапатына көңүл бурган чарбалар көбөйө баштады. Учурда этти жана сүттү арбын берген бодо мал менен кошо эттүү, уяң жүндүү кой, асыл тукум жылкы баккан 263 ферма бар.