Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарындагы заводдо жарылуу болуп, үч адам оор жаракат алды
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад шаарындагы заводдо жарылуу болуп, үч адам оор жаракат алды

Жалал-Абад шаарындагы заводдо жарылуу болуп, үч адам оор жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Индустриальный көчөсүндө жайгашкан заводдун аймагында темир эритүүчү меш жарылган. Окуянын кесепетинен заводдо иштеген үч жумушчу катуу жабыркаган. Аларды куткаруучулар келгенге чейин эле Тез жардам кызматы алып кетип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. 

Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасынан билдиргендей, жалпы жети адам жабыркаган. Төрт киши алгачкы медициналык жардам алып, ооруканадан чыгып кеткен. Ал эми үч адамдын денелеринин 90 пайызы күйүп калган.