Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинде кезексиз кеңешме өткөрдү.
Анда министрликтин аткарган иштери жана алдыдагы пландары менен таанышып, билим берүүдөгү өзгөрүүлөр заман талабына ылайык жүрүшү керек деп белгиледи.
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билим менен илим – экономиканы алдыга жылдыруунун негизги локомотиви экенин айтып, министрлик тарабынан калктын билимдүүлүк деңгээлин жогорулатуу үчүн болгон күч-аракетин жумшаларын билдирди.
Өз кезегинде Акылбек Жапаров аткаруу бийлиги тарабынан билим берүү тармагын колдоого алуу күчөтүлөрүн убадалады.