Жаңылыктар
Чоң-Алайда жүк ташуучу унаанын контейнери “Портерди” басып, 3 адам каза тапты
Кыргызстан жаңылыктары
Чоң-Алайда жүк ташуучу унаанын контейнери “Портерди” басып, 3 адам каза тапты

Ош — Сары-Таш — Карамык жолунун 66-чакырымында Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын чиркегичиндеги контейнери Hyundai Porter машинасын басып калып, анын кесепетинен үч адам көз жумду. Каза болгондордун экөө жаш балдар. 

Окуя Чоң Алай районундагы Каздын тумшугу деп аталган тилкеде болгон. Жүк ташуучу контейнер карама-каршы келе жаткан портердин кабинасын басып калган. 

Кырсыктын кесепетинен төрт жашар бөбөк тез жардам унаасында чарчап калса, 6 жаштагы бала менен 36 жаштагы киши жеринде мүрт кетти. Ал эми 29 жаштагы жигит жаракат алган. 

Окуя болгон жерге төрт куткаруучу тартылып, жабыркаган адамды жана каза болгондордун сөөгүн автоунаадан чыгарып Тез жардам кызматына өткөрүп беришти.