Таласта Манас, Бакай-Ата жана Талас райондорунун прокурорлорунун кызмат ордуна Чаткал, Токтогул райондорунун жана Кызыл-Кыя шаарынын прокурорлору которулду.
Мамлекет башчысынын жарлыгына ылайык, жүргүзүлүп жаткан ротация кадрлар үчүн тажрыйба алмашуу гана болбостон, тигил же бул аймактын өзгөчөлүктөрү менен таанышууга, калкты бириктирип, коррупциялык схемаларды азайтууга өбөлгө болот.
Таласка келген жаңы прокурорлор бир гана милдетин так аткарууну көздөп жатышканын белгилешти. Алардын толук кандуу иш алып баруусуна бардык шарттар түзүлгөн.
Талас шаарында прокуратура кызматкерлери үчүн 32 батирлүү көп кабаттуу үй пайдаланууга брилген.
Облустагы прокуратура органдарынын кеңселери ремонттолгон. Манас районундагы кызматкерлерге 2 батирлүү үй салынып берилген.