Быйыл Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында 275 чакырым аба чубалгылары жаңырат. Бул долбоор донор уюмдардын жардамы менен ишке ашырыла баштады.
Адистердин пикиринде жаңы электр зымдары заманбап үлгүдө болуп, баардык талаптарга жооп берет.
Мындан сырткары энергетика тармагындагы жоготууларды кыйла азайтат. Энергетиктер бул иштерди тез арада бүткөрүүнү белгилешти. Сырты оролуп, изоляцияланган жаңы электр тогун өткөрүүчү линия орнотулса, эскиси толугу менен алынат.
Муну менен электр энергиясы менен камсыздоо жаатында бир топ нерсе жакшы жагына өзгөрүшү керек.
Долбоор боюнча шаарда жалпы 175 чакырым жаңылануу белгиленген. Жумуш башталганына бир жума болуп 2 чакырым аба чубалгылары тартылып бүттү.
Энергетиктердин белгилөөсүндө жаңы электр линияларына эми ар ким чыгып өз алдынча электр зымдарын илип, колдоно албайт. Муну менен жоготуулар, уурдоо фактылары толук азаят.