Жаңылыктар
Баткенде Билим берүү жана илим министрлигинин алгачкы көчмө жыйыны өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде  Билим берүү жана илим министрлигинин алгачкы көчмө жыйыны өттү

Баткен шаарында Билим берүү жана илим министрлигинин алгачкы көчмө жыйыны өттү. 

Жыйында билим берүүдөгү актуалдуу маселелер, айрыкча мектептердеги окуу куралдарынын жетишсиздиги, класстык эмеректердин тартыштыгы, кошумча окуу корпустарын куруу муктаждыгы көтөрүлдү. 

Чек арадагы айылдарда мектеп, бала бакчаларды курууну тездетүү менен элет жеринде да сапаттуу билим алууга шарт түзүү керектиги айтылды. 

Мындан сырткары облустан жогорку окуу жайларга тапшырган студенттер үчүн да артыкчылыктар каралган. Өзгөчө бюджеттик орундар менен камсыздоо аркылуу дубандын өнүгүшүнө салым кошууга далалаты күч жаштарды тарбиялоо учур талабы экени белгиленди. 

Ал эми министрдин мындан ары мектептерде Кыргызстандын гимни ар окуу аптасы башталганда жана аяктаганда милдеттүү түрдө ырдалышы тууралуу демилгеси отурумдун катышуучулары тарабынан колдоо тапты. Бул аракет окуучуларда улуттук аң-сезимди, патриоттуулукту күчөтүү максатын көздөйт.