Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров “Коомдук кабылдама” аркылуу жазылган жарандарды кабыл алды.
Жапаров “Бирге ден соолук” коомдук фондунун жетекчиси Айнура Суванкулованын көйгөйлөрүн угуп, борбор үчүн имарат маселеси көзөмөлгө алынарын айтты.
Мындан сырткары социалдык объектилерди куруу боюнча мамлекеттик тендерди утуп алган компаниянын жана башка курулуш компаниялардын өкүлдөрү, Сокулук районундагы жерлерди трансформациялоо маселеси менен ат майдандын директору Майор Райымкуловду кабыл алды.
Райымкулов ипподромго мамлекеттик колдоо болбосо жакын арада жараксыз абалга келиши ыктымалдыгын билдирди.
Төрага ипподром турган объектини Чүй облусунун Сокулук районунун балансына өткөрүп берүү менен трансформациялоо маселесин чечүүнү тапшырды.