Жаңылыктар
Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга кайрылуу жасады
Кыргызстан жаңылыктары
Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга кайрылуу жасады

Милициянын кайгуул кызматы Евразиялык экономикалык форум өтүп жаткан учурда көчөлөргө мүмкүн болушунча унааларды токтотпоого жана аргасыз токтотуу учурунда алдыңкы терезелерине уюлдук телефондун номерлерин калтырып кетүүнү суранат. 

Номери жок болсо аргасыз эвакуатор менен жүктөп кетүүгө туура келет. 26-27-майда Бишкекте Евразиялык экономикалык форумга байланыштуу айрым көчөлөр убактылуу жабылат. 

Ошондой эле «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына жакын айылдардагы жашоочуларды ал күнү малды жолдон алыс кармоону сунушташкан.