26-27-майда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Байыш Ашырбеков билдирди.
Мындай жагдай бул күндөрү Бишкекте өтө турган Евразиялык экономикалык форум жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына байланыштуу.
"Манас" аэропортунан Бишкекке чейинки жол, Жибек Жолу, Чүй, Айтматов проспектилери жана Жаш Гвардия бульвары жабылат. Мындан тышкары Абдрахманов көчөсү да кыска аралыкка жабылып турушу мүмкүн.