Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жалал-Абаддагы “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомуна барды.
Ал Орус-кыргыз, өзбек-кыргыз, венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун, мамлекеттик банктардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте ишканалардын абалы менен таанышып, жетекчиги менен болгон көйгөйлөрдү талкуулады.
Каржы мекемелерине, мамлекеттик банктарга, адистештирилген структураларга тиешелүү тапшырмалар берилген. Бул кадамдардын баары жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү стимулдаштыруу, экспорттук потенциалды жогорулатуу жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.
Мындай тапшырмалар Президент тарабынан коюлган. Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга ички рынокту күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылуу максатында мунай өндүрүүнү көбөйтүү маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды.