Жалпы республикалык ишембилик Ош шаары менен Ош облусун да өттү. Жыл сайын өтүүчү салттык иш чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты, Ош шаарынын мэриясынын курамы, мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты.
Көчөлөр тазаланып, бак-дарактар отургузулду. Иш чаранын максаты – жаштарды өз мекенин сүйүүгө үндөө, жер-жерлерде тазалыкты камсыз кылуу . Ишембиликтерди өткөрүү менен, атуулдук сезимдерди ойготуу , жалпы жарандардын айлана чөйрөгө болгон камкордугун күчөтүүгө жана эмгекти сыйлоону калыптандыруу. Ал арада, дубандын жазы эрте келген район, аймактарында сугат суу каналдары менен ички арыктарды кышы боюу топтолгон таштандылардын тазалоо, оңдоп-түзөө жумуштары да жүрүүдө.